• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жана Румыния ТИМ башчылары Мюнхен шаарында жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Румыниянын тышкы иштер министри Богдан Ауреску менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 2020-жылдын 15-февралында Мюнхен шаарында өткөн.

Жолугушууда приоритеттер жана ушул жылда кызматташуунун планы талкууланды. Тараптар эки тараптуу иш чаралардын графигин карап чыгышты, экономикалык блокко жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө маанилүү көңүл бурушту.

Ч.Айдарбеков Румыния делегациясын 2020-жылдын жайында КРда өтө турган ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды. Өз кезегинде, Румыниянын ТИМ башчысы Бухарестке расмий сапар менен келүүгө Ч.Айдарбековду чакырды.

Пикир

Оставить комментарий