• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу дүйнө биринчилигинде 5-орун алды

Спорт 0

Бишкек, 16.10.19 /Кабар/. Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө биринчилигинде 5-орун алды. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынын сайтында айтылат.

Мелдеш Мароккконун Марракеш шаарында өтүүдө.

Кыргызстандык спортчу 60 килограмм салмакта күч сынашкан. Ал алгачкы беттештеринде казакстандык Шерзод Давлатовду, андан кийин россиялык Хетаг Батаевди жеңген. Чейрек финалда ал аргентиналык спортчу Карлос Малдонадодон күчтүү чыккан. Бирок кийинки кармашында Азербайжандын спортчусуна, андан соң түркиялык Салих Йылдызга утулуп, мелдеште бешинчи орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий