• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токаев Кыргызстанга келет. Эки өлкөнүн ТИМ башчылары даярдыктын жүрүшүн талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Күн мурун Казакстандын Нур-Султан шаарында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Мухтар Тлеуберди жолугушуу өткөрүшкөн. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө караганда, жолугушууда министрлер эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле Казакстандын президенти асым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына болгон даярдыкты талкуулашкан.

Министр Айдарбеков Казакстан менен ынак коңшулук жана достук мамилелерди сактоо өлкөнүн тышкы саясатынын башкы приоритеттеринин бири болуп саналарын баса белгилеп өткөн.

"Тараптар Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жакынкы арада Бишкек шаарында компетенттүү ведомстволордун катышуусунда ТИМдер аралык консультацияларды өткөрөрүн макулдашты", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий