• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КСДП партиясы президенттикке талапкерин аныктады

Саясат 0

Бишкек, 17-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши өлкө президенттигине учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир добуштан колдошту. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Мындай чечим бүгүн КСДПнын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Жакын арада саясий кеңештин бул чечими партиянын жалпы республикалык съездинде каралат.

Пикир

Оставить комментарий