• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда өткөн турнирде Кыргызстандын жаш спортчулары 7 медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Казакстанда эл аралык "Темиртау кубогу" атындагы таэквон-до турнири болуп өттү. Аталган турнирде Кыргызстандан барган спортчулар 7 медаль алганын Кыргызстандагы таэквон-до федерациясыясынан билдиришти.

Беттеш 1-2-июнда өткөрүлүп, 350 спортчу катышкан. Турнирге Ош шаарынан Фаррух Садыковдун жетекчилиги астында жети спортчу катышкан.

Турнирде биринчи орунду Аделина Алимбекова, Салижан Батырбеков, экинчи орунду Азиретали Мырзамамытов, Самаган Сайназаров, үчүнчү орунду Дилмурод Төрөбаев, Эгемберди Абдилатов, Дилборой Баймирзаевалар алган.

Жалпысынан 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль болгон.

Пикир

Оставить комментарий