• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык грек-римчилер (U-20) Казакстандагы эл аралык мелдеште төрт медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар (U-20) курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште бир күмүш, үч коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Жаксылык Ушкемпировдун жаркын элесине арналган мелдеш Казакстандын Астана шаарында 11-13-март күндөрү өткөн.

Байгелүү орунга илингендер:

  • Кубаныч Арынов (60 кг) — күмүш;
  • Куттубек Абдуразаков (60 кг) — коло;
  • Ырыскелди Хамзаев (72 кг) — коло;
  • Бахрам Курбанов (97 кг) — коло медаль.

Курама команда машыктыруучу Рыскулбек Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий