• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад мэринин эл менен жолугушуусу Спутник аймактык башкармалыгында уланды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Спутник аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушууга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, жашоочулар тарабынан бир катар көйгөйлү маселелер айтылды. Шаар мэри элдин суроолоруна жооп берип, 2023-жылы аткарылган жумуштар боюнча маалымат берди. Ошондой эле, айтылган көйгөйлөр боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, элдин көйгөйүн чече албаган жетекчилер кызматтан кетерин эскертти.

Белгилей кетсек, мэрдин эл менен жолугушуусу эртең, Достук аймактык башкармалыгындагы 8-мектепте, саат 17:00дө башталат. Ал эми 15-мартта Ч. Айтматов аймактык башкаруусундагы эл менен жолугушуу 6-мектепте, саат 17:00дө болот.

Эскерте кетсек, мэр буга чейин Курманбек жана Тайгараев аймактык башкармалыктарынын тургундары менен жолугушкан.

Пикир

Оставить комментарий