• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 14-мартта саат 10:49да катталып, очогунда күчү 3,4 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Мангыт, Кочубаев жана Кызыл-Коргон айылдарында 2,5 баллга (Ош шаарынан 47 чакырым батышка) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий