• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Сокулуктагы унаа базарында милициянын аймактык пункту ишке берилди

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта Сокулук районундагы "РИОМ" унаа базарында салынган милициянын аймактык пункту ишке берилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Дамир Исаков, Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, "РИОМ" унаа базарын кызматкерлери, Сокулук РИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы катышышты.

Дамир Исаков бул унаа базарына салынган милициянын пункту толук шарттары менен ишке берилип жатканын жана унаа базардагы кылмыштуулуктун алдын алууда алгылыктуу иштерди жүргүзөрүн билдирди.

Ошондой эле Исаков "Риом" унаа базары өлкө ичиндеги эң чоң унаа базары болгондуктан укук буузуулардын алдын алуу жана кылмыштардын бетин ачуу максатында бүгүнкү күндө бул унаа базарга 75 видео камера жана ошондой эле адамдын жүзүн тааный турган 2 видео камера орнотулганын билдирип, бул ири базардагы кылмыштуулуктун алдын алуу толук көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий