• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түптө жол кырсыгынан 18 жаштагы бала каза болуп, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Түптө жол кырсыгынан 18 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү саат 00:57 чамасында Ысык-Көл облусунунТүп районунда Шаты-Ичке-Суу-Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) “БМВ-525” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги бакты сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы бала каза болуп, дагы 3 адам жабыркаган (үчөө тең 18 жашта).

Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын сөөгүн чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий