• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте COVID-19га каршы 1 миң 649 медкызматкер эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Бишкекте COVID-19га каршы 10 миң 378 жаран эмдөөдөн өттү, анын ичинен 315и экинчи доза алган. Бул тууралуу брифингде Бишкек шаардык мэриясынын медициналык жардам уюштуруу электрондук саламаттык бөлүмүнүн башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

“Анын ичинен 1 миң 649у медициналык кызматкерлер, 345и билим берүү тармагынын кызматкерлери, 344 мамлекеттик кызматкерлер, 3 миң 751и 65 жаштан ашкан жарандар, 104ү укук коргоо кызматкерлери жана 4 миң 595и ыктыярдуу түрдө алгандар”,-деди ал.

Бишкектеги эмдөө жайларынын даректери.

Sinopfarm вакцинасын төмөнкү даректерден алууга болот:
• Ленин районунун БҮМБ- 64 45 57; 0505 111 330;
• Биринчи май районунун БҮМБ- 32 55 71; 0550 701 002;
• Свердлов районунун БҮМБ- 63 51 22; 0505 286 670;
• Свердлов районунун №4 ҮМБ - 0709 828 314;
• Свердлов районунун №8 ҮМБ - 0551 117 744;
• Свердлов районунун №9 ҮМБ - 0778 376 662;
• Биринчи май районунун №14 ҮМБ - 0500 008 208;
• Биринчи май районунун №16 ҮМБ - 0550 651 170;
• Октябрь районунун №15 ҮМБ- 0703 210 476;
• Октябрь районунун №19 ҮМБ- 0709 655 540;
•Ленин районунун Калыс-Ордо жаңы конушундагы медициналык амбулатория, №13 ҮМБ - 0550 500 845;
• Свердлов районуна караштуу “Учкун”, “Бакай-Ата”, “Кара-Жыгач” ҮМБ медициналык амбулаториясы - 0505 286 670;
• Свердлов районунун «Кара-Жыгач» жаңы конушунун №8 ҮМБ медициналык амбулаториясы - 0551 117 744;
• Биринчи май районундагы №14 ҮМБ “Ак-Бата”, “Ак-Босого” жаңы конуштарындагы медициналык амбулаториясы - 0500 008 208;
• Темир жол ооруканасынын поликлиникасы - 0773 261 250.

"Гам-Ковид-Вак" эмдөөсү (Sputnik V) төмөнкү даректерде жүргүзүлөт:
• Октябрь районунун БҮМБ - 57 09 15: 0703 293 793 ;;
• Ленин районунун БҮМБ №2 ҮМБ - 64 45 57; 0505 111 330;
• Биринчи май району БҮМБ №7 ҮМБ - 0550 151 528;
• Свердлов району БҮМБ №8 ҮМБ - 63 51 22; 0505 286 670.

Белгилей кетсек, эмдөө иштери Республикалык иммунопрофилактика борбору жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан жүргүзүлөт.

"Эмдөөгө байланышкан бардык суроолор менен "Эмдөө" ишеним номерине: 313297 жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот", - деп айытлат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий