• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайдагы 5 баллдык жер титирөө Ысык-Көлдө да сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Кытайда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып, силкинүү Ысык-Көл облусунда да сезилген. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 27-октябрда болжол менен саат 11:29да Кытайдын аймагында катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.

«Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий