• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Издөө! Чүйдө 33 жаштагы аял дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 33 жаштагы Евстифеева Елена Юрьевна изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал 2019-жылдын 6-январында Сокулук районунун Новопаловка айылындагы Крупский көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170 см, көзү күрөң, орточо дене түзүлүштөгү, чачы кара, орточо узундуктагы.

Үстүндө мезгилге жараша кийинип жүргөн.

Елена Евстифееванын кайда экенин билгендер болсо, Сокулук райондук ИИБне төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0 (312) 60-75-67, 0 (558) 86-14-86, 0 (709) 35-35-29 же 102 кызматына.

Пикир

Оставить комментарий