• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Суу районунда кооптуу аймакта жашаган 36 үй-бүлөгө жер тилкелер берилди

Аймак 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагындагы Учкун айылында кооптуу аймакта жашаган 36 үй-бүлөгө жер тилкелери берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өкүл Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев катышты.

Ош облусунун башчысы кызыл китептерди тапшырып жатып, жергиликтүү тургундарды коопсуз аймакка көчүрүү иштеринде көмөк көрсөтүлүп жатканын билдирди.

“Мындай бир нече ай мурун Учкун айылынын тургундарынын жашоо шарты менен таанышкам. Жолугушууда жарандарыбызды кооптуу аймактан көчүрүүгө, жаңы жер тилкелерин берүүгө убада бердим эле. Бүгүнкү күндө убадабыз аткарылды. Мындан ары да колдоолор болот”, - деди Жамалдинов.

Пикир

Оставить комментарий