• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нурбек Абасканов "Акнет" компаниясынын башчысы болуп шайланды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Нурбек Абасканов "Акнет" ААКсынын башчысы болуп шайланды. Бул маалыматты "Кабар" агенттигине Нурбек Абасканов өзү ырастады.

Эскерте кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы "Акнет" компаниясынын эки негиздөөчүсүнүн ортосундагы чырдан кийин 5 кылмыш ишин козгогон.

Мындан мурдараак компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылган. Ал өнөктөштөрүн келип түшкөн каражатты аз көрсөтүү, ЖЧКдан акча чыгаруу, жалган келишимдерди түзүү жана башка айыптарга күнөөлөгөн. Андан кийин компаниянын президенти Кубан Ажимудинов кармалган.

Учурда иш ИИМге берилген.

Пикир

Оставить комментарий