• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыл чайнашкан беттеш. Айпери Медет кызы Египеттеги мелдештин жарым финалына өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдештин жарым финалына өттү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында германиялык Франци Рейделтти 11:0 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда египеттик Самар Амир Ибрагим Хамза менен күрөштү. Бул кармашта эки спортчу тең биринин артынан бири упай топтоп келе жатты. Жыйынтыгында кыргыз кызы атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.

Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы өткөн жылы Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдештин финалында дал ушул египеттик спортчу менен килем үстүнө чыккан. Анда кыргыз кызы атаандашын 17:6 эсебинде уткан.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) грек-рим күрөшү боюнча коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий