• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Роналду Instagram тармагында 200 млн катталуучусу бар алгачкы адам

Спорт 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Instagram тармагында 200 миллион катталуучу бар алгачкы адам. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазат.

Роналдудан кийин 173 миллион катталуучусу бар америкалык ырчы Ариана Гранде турат. Ал эми үчүнчү орунга 170 катталуучусу менен америкалык актер Дуэйн Жонсон жайгашкан.

Футбол жаатындагы дагы бир жылдыз Лионель Мессиде 141 миллион катталуучусу бар.

Белгилей кетсек, футбол боюнча Италиянын чемпионатында Роналду чабуулчулар тизмегинде 17 голу менен экинчи орунда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий