• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Валентина Шевченко төртүнчү ирет чемпиондук курун коргоп калды

Спорт 0

Бишкек, 22.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрь күнү Лас-Вегаста өткөн UFC мелдешинде кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоп калды.

Шевченко бразилиялык Женнифер Майя менен беттешип, беттеш 5 раундга созулду. Беттештин жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңиш Шевченкого берилди.

Ушуну менен Шевченко чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калды.

Эскерте кетсек бүгүнкү UFC мелдешинин алкагында Валентина Шевченконун эжеси Антонина Шевченко да беттешке чыгып, атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий