• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузакта мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күнү өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-январда Сузак РИИБнин жана Барпы чек ара бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте ачык эшик күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чарага Барпы айыл аймагында жайгашкан 15 орто мектептин бүтүрүүчү уландары катышты. Жаш өспүрүмдөргө аскердик тартип тууралуу маалыматтар берилип, курал-жарактардын иштөө механизмдери көрсөтүлдү. Келечек муун өкүлдөрү саналган жаштарга РИИБдин кызматкерлери тарабынан курал колдонуудагы эрежелер түшүндүрүлдү. Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын мекенди жана спортту сүйүүгө, мыкты билим алууга, ар түрдүү кылмыш, кырсыктардан алыс болууга үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий