• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддын борбордук базарындагы коомдук тамактануучу жайлар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Гүлмира Худайбердиева, Адил Жоробаев, Назгүл Айдарова борбордук базардагы коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалын, өрт коопсуздугун текшеришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эл өкүлдөрүн мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин башчысы Курманбек Исмаилов, тиешелүү адистер коштоп жүрдү.

Кыдыруу учурунда буга чейин эскертүү берилген 3 ашканада оңдоо иштери жүрүп жатканы белгилүү болду. Ал эми айрым тамактануучу жайлар буга чейин айтылган кемчиликтерин жойгон эмес.

Талапка жооп бербеген тамактануучу жайларга санэпидкөзөмөл кызматы тарабынан айып салынары эскертилди.

Эл өкүлдөрү борбордук базардан кийин муниципалдык базардын ишмердүүлүгүнөн кабар алышты. Аталган базарда соодагерлердин аз санда болуп жаткандыгы айтылып, аткаруу бийлигине маршруттук каттамдарды жүргүзүүнү колго алуу үчүн протоколдук тапшырма беришти.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-февралында депутаттык комиссия тарабынан борбордук жана муниципалдык базардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлгөн болчу .

Борбордук базарда 26 коомдук тамактануучу жай бар.

Пикир

Оставить комментарий