• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министрлигинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Эсеп палатасы Билим берүү жана илим министрлигинде 2021-жылы 320 млн 636,3 миң сом каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Анын ичинен каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 308 млн 863,3 миң сомду түзөт.

Эсеп палатасы мындан тышкары эмгек акыга 87 млн 665,5 миң сом негизсиз төлөнгөнүн, 7 млн 724,7 миң сом өлчөмүндө материалдык баалуулуктар жана каражаттар негизсиз эсептен чыгарылганын аныктаган.

Ошондой эле:

- негизсиз иш сапардык чыгымдар 134,1 миң сомду түзгөн;

- атайын каражаттарды казынадан тышкары пайдалануулар 6 млн 689,2 миң сомду түздү;

- курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн көтөрмөлөө 4 млн 717,9 миң сомду түздү;

- бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 48 млн 417,5 миң сомду түздү;

- жашырылган дебитордук жана көтөрмөлөнгөн кредитордук карыздар 47 млн 747,5 миң сомду түзөт;

- башка деңгээлдеги бюджеттерде турган уюмдарга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар 105 млн 766,9 миң сомду түздү, анын ичинен: 2021-жыл ичинде республикалык бюджеттен “Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” беренеси боюнча 85 млн 120,4 миң сом жана борборлоштурулган иш-чараларынын эсебинен билим берүү уюмдарынын интернет байланышы үчүн 20 млн 646,5 миң сом чыгымдалган.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 819 млн 73,8 миң сомду түздү, анын ичинен 106 млн 480,3 миң сом ордуна коюлууга тийиш, 100 млн 286,5 миң сому ордуна коюлган, 6 млн 193,8 миң сом ордуна коюлуусу керек.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 158 млн 720,6 миӊ сомду түзгөн, анын ичинен: 122 млн 864,6 миң сом ордуна коюлууга тийиш болсо, ордуна коюлганы 6 млн 959,6 миң сом, 115 млн 905 миң сом ордуна коюлуу керек.

Пикир

Оставить комментарий