• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын оор атлетика боюнча курамасы Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтө турган Азия чемпионатына катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 1-февраль күнү башталып, 11-февраль күнү жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:

- 102 кг Бекдөөлөт Расулбеков;
- 89 кг Эмил Молдодосов;
- 67 кг Ишимбек Муратбек уулу;
- 73 кг Элзар Таиров;
- 96 кг Нурсултан Тармалов;
- 76 кг Татьяна Мельниченко.

Курама команда улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий