• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-ноябрда саат 04:07де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Лейлек районунун Ак-Суу, Коммуна айылдарында 3 балл, Жеңиш, Искра, Андарак, Таш-Булак айылдарында жана Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган.

Пикир

Оставить комментарий