• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти — делегациянын курамы

Президент 0

Бишкек, 02.11.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жөнөп кетти.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

- өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков.

Пикир

Оставить комментарий