• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде айдоочуну өрттөн куткаруу учурунда 2 милиционер жаракат алып, бири каза болду

Коом 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Баткенде эки милиция кызматкери унаадан чыккан өрттөн айдоочуну куткаруу учурунда күйүк алышып, бири каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-октябрында саат 15:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында бензовоз кулап кетип, күйүп баштаган. Иш сапары менен жолдон өтүп бара жаткан "Хонда-СРВ" үлгүсүндөгү автоунаадагы 30 жаштагы Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев менен 41 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору Дилмурат Шамшиев айдоочуну өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам берүү учурунда алар дагы өрттөн жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Ооруканада милиция кызматкерлеринин бири Д.Шамшиев өрттөн көбүрөөк жабыркап, 1-ноябрь күнү каза болуп калган, ал эми экинчи кызматкер 30 жаштагы терөөчү О.Акуналиевтин абалы оор бойдон ооруканада.

Баткен облустук милициясынын жалпы жамааты эр жүрөк Дилмурат Шамшиевдин жакындарына көңүл айтып, Орозмамат Акуналиевтин тез сакайып кетишин каалайт.

Пикир

Оставить комментарий