• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддагы борбордук базарда шаардык өрт өчүрүү кызматы рейд өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү кызматы күтүүсүздөн рейд өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өрт өчүрүүчү эки унаа тартылып, алар базардагы жолдордон кирип барууда бир топ тоскоолдуктарга туш болушту.

Тагырагы, соодагерлер жолго кийим-кече, азык-түлүктөрдү жайып алган, мындан сырткары күндөн жана жаан-чачындан коргонуу үчүн өрт өчүрүү унаасы кире турган жолдорго бат күйүүчү кездемелерди тосуп алышкан.

Булардын баары өрт өчүрүүчүлөргө тоскоолдук жаратты. Адистер кокус өрт кырсыгы орун алса, атайын техника кырсык орун алган жайга жетип бара албасын эскертишет.

Пикир

Оставить комментарий