• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ башчысы Ош облусуна болгон сапарын Кара-Кулжа районунан баштады

Аймак 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча маселелерди жөнгө салуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов иш сапарда жүрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министр селден жабыркаган каналдын абалы жана таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Кара-Кулжа районунун акими Пиримберди Дыйканов селдин кесепетинен жабыркаган каналдарды калыбына келтирүү маселесин айтты.

Министр Нурболот Мирзахмедов министрликтин облустук башкармалыгынын башчысына маселени биргелешип чечип, абалды калыбына келтирүү боюнча тапшырма берди.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагында 2018-жылдын 13-14-май күндөрү катуу нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн селдин суусу Ак-Турпак каналына батпай ашып, Октябрь айылынын Терек-Суу чегиндеги 2 турак жайдын ичине, 11 үйдүн короо-сарайларына сел суулары кирген.

14-майда тартылган техникалардын жардамында 1 чакырым аралыктагы ички чарбалык унаа жол калыбына келтирилген.

Ошондой эле, тийиштүү Жарандык коргонуу башчыларына, айыл өкмөт башчысына карамагында турган арык, каналдарды, суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүү милдеттендирилген.

Пикир

Оставить комментарий