• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярданууда

Аймак 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярданууда. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында жана андан ийгиликтүү өтүү максатында Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ​​ишканасынын адистери тарабынан 30 көмөк чордондо жана 986,6 чакырым узундуктагы 110-500 кВ электр берүү чубалгыларында учурдук оңдоо иштери аткарылды.

6 жогорку чыңалуудагы көмөк чордондо жана 51,7 чакырым узундуктагы “Каратай-Гүлчө” аба чубалгысында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Оңдоо иштери менен бирге эски жабдууларды жаңыларына алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Учурда “Маданият”, “Металлургическая”, “Ноокат” жана “Кадамжай” көмөк чордондорунда жогорку чыңалуудагы 110 кВольттук киргизмелер алмаштырылды. “Ноокат”, “Морская”, “Целинная”, “Төлөйкөн” көмөк чордондорунда жаңы 110 кВольттук аша чыңалууну чектегичтер орнотулду.

Мындан тышкары, 110-220 кВольттук 18 көмөк чордондун электр жабдууларын суу ташкындарынын таасиринен сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп, өндүрүштүк имараттар, курулмалар жана унаа каражаттары оңдоодон өттү.

“Баткен облусунун Арка массивинин электр энергиясы менен камсыздалышын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу алкагында “Арка” 110/10 кВ көмөк чордону реконструкцияланууда, ошондой эле жаңы “Раззаков” 110/35/10 кВ көмөк чордону жана 51 км узундуктагы “Раззаков-Арка” 110 кВ аба чубалгысы курулууда.

Маалымат үчүн: Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ​​ишканасы - тарамдалган 110-220 кВ жогорку чыңалуудагы электр тармактары аркылуу Ош, Баткен облустарынын аймактарын камтып, Жалал-Абад облусунун электр тармактарын, Өзбөкстандын жана Тажикстандын мамлекеттер аралык энергетикалык тутумдарын байланыштырган “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий