• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ар бир регион өнүгүүнүн жолдорун өздөрү аныкташы керек

Аймак 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 22-июнда “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясы Нарын областында көчмө жыйын өткөрүүдө. Анын жүрүшүндө регионду өнүктүрүү жолдору талкууланып жатат. Бул багытта КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана аталган областтагы райондордун акимдери менен Нарын шаарынын мэри дагы маалымат беришүүдө.

Жыйынды ачкан фракция лидери Жыргалбек Турускулов бул жолку олтурум жаңы форматта өтүп жаткандыгын билдирди. Буга чейин жыйындарда отчеттор гана окулуп келген болсо, бул ирет ар бир регион өкүлү өз аймагын кантип өнүктүрө алат? - деген суроого өз көз карашын билдирип, демилгелердин бет ачаарын тааныштырып жатышат, - деди ал.

Фракциянын көчмө жыйынына депутаттар Руслан Казакбаев, Бактыбек Райымкулов, Таабалды Тиллаев, Акылбек Жамангулов, Алиярбек Абжалиев, Тариэл Жоробеков, Абдыбек Дюшалиев, Калдарбек Баймуратов, Айбек Алтынбеков катышууда.

Ошондой эле иш чарага аталган Нарын областынын активдери, ишкер коомчулуктун өкүлдөрү, эксперттер чакырылган. Алар туризмди эффективдүү өнүктүрүүдөгү жана мал чарбачылыгын өстүрүүдөгү жаңы ыкмалары менен тааныштырып, көп жылдык мөмө бактарын өстүрүү багытындагы ойлору менен да бөлүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий