• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунда 400 тонналык эки айыл чарба логистикалык борборун куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 05.02.24./Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Эл аралык Гуд Нейборс Эл аралык гуманитардык уюмунун өкүлдөрү жана райондук администрациялардын башчыларын кабыл алды.

Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (20%) менен эл аралык гуманитардык бейөкмөт Гуд Нейборс Эл аралык уюму (80%) 15 жылга кызматташуу келишимин түзүп, Кыргызстанда 4 жыл бою долбоорлорду ишке ашырышты. Бул долбоорлорго Ош облусундагы 18 айылдын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнөр жай базасын түзүү кирет.

Ошондой эле Чоң-Алай жана Ноокат райондорунда 400 тонналык айыл чарба логистикалык борборлорун куруу пландалууда. Борборлор муниципалдык менчикте, бирок аларды атайын кооперативдер башкарат. Долбоорлордун жалпы баасы 44 млн доллар түзөт.

Элчибек Жантаев каржылоонун 50%ы Кореядан, калганы Региондорду өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнөрүн тастыктады.

"Биз бул долбоорлорду колдойбуз жана региондун алкагында мындан аркы кызматташууга умтулабыз. Биздин максат - экономикалык өсүштү стимулдаштыруу үчүн эки тараптын ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана жарыяланган долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырууга жана инвесторлор менен узак мөөнөттүү кызматташууга ар дайым даярбыз", - деди президенттин өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий