• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарандар Башкы прокуратурага WhatsApp тиркемеси аркылуу суроо жөнөтө алышат

Коом 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Жарандар эми WhatsApp тиркемеси аркылуу текст түрүндө Башкы прокуратурага өз суроолорун жөнөтө алышат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Маалыматка ылайык, 25-июндан 25-июлга чейин прокуратура органдарынын “«Правовая поддержка/Укуктук колдоо» ыкчам линиясы иштейт.

“Укуктук колдоо” жарандардын суроо жана билдирүүлөрүнө ыкчам түрдө жооп берүүгө багытталган.

Маалыматка ылайык, келип түшкөн суроолор Башкы прокуратуранын борбордук аппараты жана аймактагы прокуратура органдарынын кызматкерлерине берилет.

Жарандар өздөрү кызыккан суроолорду +996 550 75 39 77 номерине WhatsApp тиркемеси аркылуу жибере алышат.


Пикир

Оставить комментарий