• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Бишкекжылуулуктармагында" күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.08.23. /Кабар/. Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасында болду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Байгазиев ишкананын жетекчилиги жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары менен отурум өткөрүп, ишкананын иши менен жана күз-кыш мезгилдерине даярдыктардын жүрүшү менен таанышты.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө жалпы ишкана боюнча оңдоо иштери 80%га аткарылды, кыш мезгилине даярдык көрүү кызуу жүрүп жатат.

Министрдин орун басары ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан 7-Апрель көчөсүндөгү жылуулук тармагынын бөлүгүнө барды.

Учурда реконструкциялоонун орчундуу жумуштары бүткөрүлүп, бул аймактагы капиталдык куруу боюнча жумуштардын 80% аткарылды. Лотоктор коюлуп, түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, бул долбоордун негизги жетишкендиктери болуп диаметри 700 мм болгон эски жылуулук тармагын пенополиуретан менен жылууланган диаметри 900 мм жаңы жылуулук тармагына алмаштыруу эсептелет

Долбоорду China Road and Bridge Corporation, Shandong Junhui Construction Group Co консорциуму тарабынан жана «Технотоп» ЖЧК ишке ашырат.

Жылуулук механикалык бөлүгү октябрда аяктайт, ал эми I жана III ишке киргизүү комплектери боюнча толук бүтүрүлүшү декабрга пландалган.

Ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында IV ишке киргизүү комплекси үчүн кошумча каржылоо маселеси каралууда.

Учурда мамлекеттик ички процедураларды шайкеш келтирүү иштери боюнча макулдашуулар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий