• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аскар Акаев Кыргызстанга эмнеге жана канча убакытка келгендигин айтып берди

Коом 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев УКМКнын имаратынын алдында журналисттерге чыгып, Кыргызстанга эмнеге жана канча убакытка келгендиги тууралуу кыскача айтып берди.

Акаев сөзүнүн башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго өлкөгө келгенге мүмкүнчүлүк түзүп бергендигине рахматын айтты.

"Мен кызматташып жана көмөк көрсөтүү үчүн келдим. Баарыңарга маалым болгондой, мага "Кумтөр" долбоору боюнча дооматтар бар. Мен тергөөгө жардам бергим келет жана көрсөтмө берүүгө даярмын. УКМКнын төрагасына ыраазычылык билдирем. Албетте, бир нече суроолор бар. Биз Кумтөрдү кантип курганбыз, кандай максатта, балким кетирилген катачылыктар тууралуу айтып берүү үчүн келдим", - деди.

Аскар Акаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, тергөө улана тургандыгын жана аталган иш менен жаңыдан гана таанышкандыгын билдирди.

"Жолугушуулар уланат. Мындан башка эч нерсе айта албайм. Садыр Жапаров менен дагы жолуктум. Мен бир жумалык убакытка келдим. Бул аралыкта жолугушуулар, сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт", - деп кошумчалады Акаев.

Пикир

Оставить комментарий