• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүндө бир нече уурулукка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Аламүдүндө бир нече уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ИИБине буга чейин Беш-Күнгөй айылынын жашоочулары арыз менен кайрылып, үйлөрүнө белгисиз бирөөлөр кирип, буюмдарын уурдаганын билдиришкен 4 факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки жүргүзүлгөн өндүрүш иштеринин алкагында, жогорудагы кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берген.

Чүй облусунун ИИББнин жана Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектелип, 1997-жылы туулган Э.Б. жана 2001-жылы туулган К.Д. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий