• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку сот Кулматовду камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Жогорку сот Кубанычбек Кулматовду камакта калтырды. Мындай чечим бүгүн соттук отурумдун жүрүшүндө кабыл алынды.

Жогорку соттун атайын коллегиясы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Мурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков Кулматовдун абактагы мөөтүн дагы эки айга узартуу чечимин чыгарган болчу.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэри К.Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, тергөө аягына чейин КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кармоо чечимин чыгарган.

18-июнда Бишкек шаардык моту Бишкектин мурдагы мэри Кулматовду камакта калтырган.

Пикир

Оставить комментарий