• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте бардын ичинде казино уюштургандар 5 жылга шарттуу соттолду

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту М.К.К. жана К.Т.Ю. аттуу жарандардын кылмыш ишин караган.

Аталган жарандар КРнын “Лотерея” жана “КРнын аймагында оюн-зоок уюштурууга тыюу салынган” мыйзамдарды карабастан борбордо “Адрес №1” дареги боюнча бар ачып, анын ичинде казино уюштурушкан.

Аталган көңүл ачуучу жай 2018-жылдын 13-мартына чейин иш алып барган.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп аталган жайда лотереялык оюндар жана ага керектүү жабдуулар орнотулгандыгы аныкталган.

Соттун чечими менен аталган жайдын администратору жана уюштуруучусу 5 жылга шарттуу түрдө 1 жылдык сынак менен соттолгон.

Пикир

Оставить комментарий