• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте КР паспортун Түркиянын жарандарына мыйзамсыз берген мурдагы чиновник кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын жарандык паспортун Түркиянын жарандарына мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Калкты жана жарандык актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ИИББнын тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын Түркиянын жарандарына берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схемалар аркылуу мыйзамсыз иш-аракеттерде С.Д. камакка алынган. Ал мурда КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин төрагасы болуп иштеген.

Кармалган чиновник КР Жазык-процесстик кодексинин 98- 99-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө иштери жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий