• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов бир айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалган Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов тергөө абагына киргизилди.

Биринчи май райондук сотунан агенттикке билдиришкендей, Сазыкулов 11-майга чейин камакта болот.

Буга чейин "Кабар" агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, атайын кызмат тарабынан муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык механизмдерди демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жүрүшүндө Бишкектин вице-мэри тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий