• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жеке турак үйдөн $10 миң уурдалган. Кылмышка шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Бишкекте жеке турак үйдөн 9 миң 800 доллар уурдалган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-декабрда жаран Б.Д. уурдоо тууралуу арызы менен кайрылган. Ал ошол эле күнү белгисиз адамдар анын үйунүн пластик терезесинен кирип, акча уурдап кетишкенин айткан.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") менен каттоого алынган.

Кылмышка шектүү мурда бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган К.С. болуп чыккан. Ал 21-декабрга чейин камакка алынды.

"Кол салуучунун кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (0550) 102-360 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөбүз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий