• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Интернет аркылуу таанышуу коркунучтуу! Ошто мектеп окуучусун зордуктагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Ошто интернет аркылуу таанышуу батирлердин биринде мектеп окуучусун зордуктоо менен аяктаган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, өткөн жылы декабрда облустун жашоочусу анын 15 жаштагы кызын зордуктаган эки адамга карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Жабырлануучу мектепте окуйт.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан 6-февраль күнү бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургундары 2001-жылы туулган К.Т. жана А.К. аттуу жарандар зордуктоого шектүү катары кармалышып, убактылуу жайга киргизилди.

Бул факт КР Кылмыш кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучу кыз балдар менен “Инстаграм” интернет түйүнү аркылуу таанышып, алардын чакыруусу менен Ош шаарына келген.

Пикир

Оставить комментарий