• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 7 кг жакын мефедрон менен эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Бишкекте 7 кг жакын мефедрон менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин ыкчам кызматкерлер Кыргызстанга психотроптук заттардын ири партиясын алып келүү жана сатуу каналын түзгөн белгисиз адамдар тууралуу маалыматты текшеришкен.

2023-жылдын май айында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү Нарын облусунун тургуну 2003-жылы туулган М.Ж. менен Талас облусунун тургуну 2002-жылы туулган А.У. кармалган.

"Анткени алар Бишкектеги батирине жашыруучу жайы бар 3 даана вибрациялык мотор алып келишкен. Милиция кызматкерлери курулуш вибрациялык маторду текшерүү учурунда андан болжол менен салмагы 5 кг 943 граммды түзгөн 24 таңгактагы "мефедрон" психотроптук затын табышкан. Кармалган жарандардын ишмердүүлүгүн мессенджер аркылуу чет өлкөдөн кураторлор көзөмөлдөп турушкан", - деп билдиришти ИИМден.

Жогорудагы шектүүлөрдүн жашаган жеринен тинтүү учурунда дагы бир вибрациялык матору табылып, анын ичинен скотч менен таңгакталган 1 кг салмактагы "мефедрон" психотроптук заты алынган.

Бул факты боюнча КР ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда кармалгандардын жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси болжол менен 38 миллион 186 миң 500 сомду түзөт.

Ыкчам кызматкерлердин жана атайын кызматтын биргеликте көрүлгөн аракеттеринин натыйжасында республика боюнча 41 500 дозадан ашык «мефедрон» психотроптук заттын жайылышына бөгөт коюлду.

Пикир

Оставить комментарий