• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө 40 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө "Кара-Куурай" операциясынын алкагында 40 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Кара-Куурай" операциясы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган. Иш-чара Ысык-Көл облустук милициясынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.

Баңги өсүмдүгүн жок кылуу максатында 40 тоннадан ашык жапайы кара куурай 20 гектардан ашык аянттан кол жана механикалык жол менен чабылган. Андан кийин ал жеринде өрттөлүп жок кылынган.

Пикир

Оставить комментарий