• 88.68
  • 95
  • 0.95

13-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36...+41, Талас облусунда +34...+39, Ысык-Көл облусунда +27...+32, Нарын облусунда +29...+34 градус ысыйт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +38...+40 градуска жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий