• 88.68
  • 95
  • 0.95

Султан Раев элчи Руслан Казакбаевге ТҮРКСОЙдун мааракелик медалын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге "ТҮРКСОЙго 30 жыл" мааракелик медалын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Руслан Казакбаев ТҮРКСОЙ уюмунун штаб-квартирасына барып, Раевди уюмдун негизделгенинин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Элчи Руслан Казакбаев уюмдун мааракесине карата ТҮРКСОЙдун жетекчилигине жана жамаатына түрк элдеринин ортосундагы бир туугандыкты жана достукту чыңдоо, ошондой эле маданий байланыштарды мындан ары да өнүктүрүү максатында ийгиликтүү иш-аракеттерди каалады.

Ошондой эле куттуктоо сөзүндө элчи бүткүл дүйнөдө түрктөрдүн бай маданий мурасын сактоо жана жайылтуу боюнча уюмдун ишмердүүлүгүн жогору баалап, Кыргызстан түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү катары түрк мамлекеттеринин маданий интеграция процессине мындан ары да активдүү катышууга даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев куттуктоолор жана жылуу каалоолор үчүн, ошондой эле ТҮРКСОЙдун ишмердүүлүгүнө көңүл буруп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн жана Кыргызстандын уюм иштеп жаткан бүткүл мезгил ичинде анын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле жолугушууда тараптар ТҮРКСОЙдун учурдагы ишмердүүлүгү жана жакынкы келечектеги пландары, анын ичинде бул мааракелик датага карата уюмга мүчө болгон өлкөлөрдө өткөрүлгөн жана өткөрүлө турган иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий