• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Материалдык резервдер фонду ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн 10 миң тонна буудай сатып алат

Коом 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Материалдык резервдер фонду ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн 10 миң тонна буудай сатып алат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдирди.

"Апрель айында мамлекеттик бюджеттен 411 млн сом бөлүнүп, апрель, май, июнь айларында Россиядан 33 миң тонна буудай алынган. Алар материалдык резервдер фондунун кампасында сакталууда. 6-февралдагы өкмөттүн буйругуна ылайык, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында алардан 10 миң тонна буудай алуу маселеси турат. Буудай Айыл чарба министрлиги тарабынан белгиленген квота боюнча сатып алынат. Бүгүнкү күнү Каржы министрлигинде акча маселеси каралып жатат. Акча маселеси чечилсе биз 10 миң тонна буудайды алууга даярбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий