• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Штаб: Ош облусунан 74 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Ош облусунан дарыгерлер Ысык-Көлгө реабилитациялык эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин демилгеси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосунда, Ноокат районунун айыл аймактарындагы 74 медицина кызматкери Ысык-Көл обулусуна жөнөт кетишти.

Штабдан кошумчалашкандай, медиктер Ысык-Көлдүн жээгинде 7 күн эс алып кайтышат.

Пикир

Оставить комментарий