• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэрия аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылууда

Коом 0

Бишкек, 4-август /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылууну баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

2017-2018-жылы кыш мезгилине 1478 аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылууга 2,2 млн тонна көмүр алууга 7,3 млн сом каралган.

1-июлда көмүрдү сатып алуу боюнча тендер жарыяланып, аны «МВК ТРЭЙД» компаниясы уткан.

18-июлда атайын түзүлгөн комиссия таратылып берилүүчү көмүрдүн сапатын текшерген. Ошондой эле, 167 жаран 1,5 м3 өлчөмүндөгү бекер отун менен камсыздалды. Ага 558,6 миң сом корогон.

Бүгүнкү күндөн тартып, көмүрдү үй үйлөргө ташып жеткирүү иштери башталды. Муниципалитет быйылкы жылы 70 үй бүлөгө көмүр жеткирип берүүнү пландаган. Атайын түзүлгөн графикке ылайык, 1478 үй-бүлө кышкы отун менен камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий