• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Ички иштер органдарынын кызмат учурунда каза болгон кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыл сайын, 15-май ички иштер органдарынын кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон кызматкерлерин эскерүү күнү, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам көрсөтүлүп келет.

Мындан тышкары, өлкөбүздөгү оор кырдаалга карабастан, республиканын аймактарында акниеттүүлүк менен кызмат өтөө маалында көз жумган кызматкерлерди эскерип, ар түрдүү иш-чаралар карантиндик эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.

Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү ИИМ жетекчилигине жыл сайын унутпай көңүл бургандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий