• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Ысык-Көл облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 18-мартынан тартып 15-майга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында 570 210 чарчы метр имараттын ичи, 1 993 266 чарчы метр имараттын сырты жана 1 795 697 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоо иштерине жалпы 14 830 кг хлор, 2440 литр суюк хлор жана 2543 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий