• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто эттин баасы 315 сом болот

Аймак 0

Бишкек, 03.02.18. /Кабар/. Кечээ, 2-февралда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаровдун катышуусунда эттин туруктуу баасын коюу максатында түзүлгөн атайын комиссиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, отурумга тийиштүү мекеме ишканалардын жана мэриянын бөлүм башчылары, КРнын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн, касапканалардын өкүлдөрү, жана эт сатуучулар келип катышты.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров шаардагы этке болгон баа райондорго караганда кымбат экендигин белгилеп, шаардыктардан да кайрылуулар келип түшүп жатканын айтып өттү.

“Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болгондуктан шаардыктардын кызыкчылыгы негизги ролду ойнойт. Андыктан сатуучулардын да кеткен чыгымын эсептеп туруктуу баа коюу үчүн, ушундай кадамга бардык. Мониторингдин жыйынтыгы менен баардык чыгымдарды эске алганда бир киллограм эттин баасы 311, 36 сом болду. Андыктан бир жактуу карабастан сатуучулардын, касапчылардын эмгегин баалап 1 кг. эттин баасын 315 сом деп бааладык”,- деди З.Аскаров.

Белгилей кетсек, жыл башында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев борбордук базарда жана кичи базарларда сатылып жаткан уйдун жана койдун эти 330 сом болуп жаткандыгын, бул кымбат экендигин айтып тийиштүү жетекчилерге арзандатуу боюнча тапшырма берген.

Пикир

Оставить комментарий